Экс-депутат Жылдыз Жолдошова президенттин Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы - эки өлкө "Камбар-Ата" ГЭСин биргелешип курмай болгон келишим тууралуу пикирин билдирди.
"Эгерде Өзбекстан менен ГЭС сала турган болсок, бир суунун башын гана эмес, суубузду алдырып алабыз. Бул бир. Экинчиден, бир дагы президент, ал турмак Кыргыз ССРин жетектегендер да стратегиялык объектилерге тийген эмес. Ошондуктан, Садыр Нургожоевич сизден кесиптешиңиз, тарапташыңыз, багытташыңыз катары суранам, ГЭС, Сох маселесине тийбеңиз. Бизде мамлекетти башкарып жүргөн аксакалдар бар, алар менен кеңешпей туруп, мындай маселелерди чечпеңиз", - деди Жолдошова.