Бийлик элдин бийликке болгон ишенимин кайра жаратышы керек. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынында билдирди. 

"Эл азык-түлүктүн кымбатташына акыркы чыдамы менен карап турат. Азык -түлүккө болгон НДСти ылдыйлатыңыздар же жокко чыгарыңыздар. Өкмөт маселени чече албаса, анда бизде дагы да азык-түлүктөрдүн бар болуп жатканы үчүн контрабандисттерге рахмат айтыш керек. Бул өтө олуттуу маселе. Мен бардык мекеме, министрликтердин жетекчилери элге түз эфирге чыгууларын талап кылам! Башкы прокурор менен ИИМ башчысына жолугуу кыйын экен", - деди ал.