Жарандарды коронавируска эмдөөдөн мурда вакцинаны өкмөт мүчөлөрү жана парламент депутаттары өздөрүнө текшерүүсү керек. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов парламент жыйынында билдирди. 

"Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги калкты эмдөөнү 29-марттан баштоону пландап жатышат. Ага чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аны палатанын жыйынында айтып бериши керек эле. Вакцинациянын кандай кесепеттери болушу мүмкүн? Ал өтө оор болуп, өлүмгө да жеткириши мүмкүн деген имиштер да айтылып жатат. Премьер-министр, орун басарлары, бардык министрликтердин жетекчилери, депутаттар түз эфирде вакцина алышы керек, байкап көрүшү керек, андан кийин гана жалпы элге жүргүзүлүшү зарыл", - деди депутат. 

Ал белгилегендей, ошондон кийин гана эмдөөдөн өтүүнү талап кылууга, аны жасатмайынча өлкөдөн чыгарбоо, ишке баргызбоо сыяктуу шарттарды коюуга болот. Ошондой эле, депутат вакцина бекер болушу керек дейт.