Саясий өңүттө ачылган кылмыш иштеринин аягына чыгууга убакыт келип жетти. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина парламент жыйынында билдирди.
"Үч ишти бир ишке айлантып коюшту, а маңызында алар бири бирине байланышпайт. Соттор эч нерсе дей албай жатышат, жыйынды улам кийинкиге жылдырып гана коюшат. Сот залына чогулган эл көп, коронавирустун үчүнчү толкуну башталат деп турган чакта бул туура эмес. Соттук коллапстан чыгуу керек. Нервди коротууну уланта бербей, тергөө тобун түзүп, иштин чындыгына жетсек болот го. Кой-Таш окуясын уюштургандар азыр бийликте эмес, качып кетишти, кызматтан алынышты, а бирок дагы деле элди убара кылып, соттон сотко сүйрөп жатышат", - деди ал.