"Түндүкэлектронун" мурдагы башчысына мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши козголгону дайын болду.

Маалыматта  айтылгандай, 6-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнө "Түндүэлектро" ААКсынын мурдагы башчысы Талант Раимжанов боюнча материалдар келип түшкөн. Арызды Эркин Өмүрканов жазган.  

Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды жана мурдагы башчыга "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери башталды. 

 Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Талант Раимжанов Бишкек шаарындагы бир нече батирлерге (эски типтеги жана жаңы типтегилер), эки-үч кабаттуу имараттарга, дүкөңдөргө, автосервистерге, жер үйлөргө, кымбат баадагы унааларга ээлик кылат.