"Орус тили - кыргыздар үчүн чет тили. Орус мектептерин бюджеттен каржылоону токтотуш керек! Кимде ким балдарын орус мектепке бергиси келсе чөнтөгүнөн акча төлөп окута берсин, каршылык жок - барып Рашада көчө шыпырат же идиш-аяк жууп иштейт, дүкөндө жүк көтөрөт, эң ийгиликтүүлөрү ашпозчулукка жетет. Анткени биздикилерди, чөнтөгүндө он кызыл диплому болсо да, орустар офиске жумушка албайт. Москвада эмес Бишкекте орус ишканалары бүгүн да кыргыздарды жумушка албайт! Эмне үчүн биз башка жат өлкө үчүн бюджеттен акча коротуп кул даярдап беришибиз керек? Биздин орус тилдүү кыргыздар 30 - жыл ичинде өлкөбүздүн кызыкчылыктарын орустарга сатып жиберип элди туңгуюкка такап карап отурушат...", - деп жазды Манас Саматов соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Асхат Осмоновдун кыргыз мектептери тууралуу жазган билдирүүсү соцтармакта кызуу талкууга алынып жатат. Анда кеңешчи: "Кыргыз мектептеринин директорлорунун, мугалимдеринин маданияттуулугу, жоопкерчилиги, толеранттуулугу жок. Төрт баламды кыргыз мектептен чыгарып орус мектепке котордум", - деп жазган.