Жергиликтүү кеңештерге шайлоого форма №1  шайлоочуларды шайлоочулардын шайлоо участокторундагы тизмеге кошуу үчүн колдонулат. Бул тууралуу БШКнын жеригиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо жана референдумдагы эреже бузуулар жана даттануулар реестринде жазылды. 

Анда айтылгандай, соцтармактарда ватсаптагы "Штаб" деп аталган  группадан тараган аудиожаздыруу тараган жана белгисиз аял форма №1 боюнча шайлоо участокторуна адамдарды добуш берүүгө жөнөтүүгө болоорлугун айткан. Андан ары жарандарды шайлоо участокторуна ташып келүүгө автоунаа маселесин чечүүгө көрсөтмө берген. Ошондой эле, ошол аймактардагы батирлерге адамдарды шектенүү жаралбаш үчүн 10дон көбөйтпөй каттоо керектигин айткан. 

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева бул боюнча БШК укук коргоо кызматтарына жана Башкы прокуратурага арыз бергенин маалымдады. 

 "Аудиону укук коргоо кызматтарына ал үндүн ээси ким жана кайсы шаарда экенин аныкташ үчүн берилди. Жарандарды каттоодогу процедуралардын сакталышы текшерилет", - деди ал.