Эсиңерде болсо, Баткен облусунун түзүлүшү да өзгөчө кырдаал болуп, боевиктер тоону ашып кирип келип, бир топ жетекчилер барымтага алынып, боевиктерге каршы аттанган биздин бир нече аскерлер каза болгону менен байланышкан...Ошондо эле жаңы түзүлгөн облуска өзгөчө статус бериш керек эле...
Эми, ийгиликтин эрте- кечи жок дейт, эми да бышып турат бул маселе. Тек гана территорияга, ал жерде жашаган элге өзгөчө статус бериш жетишсиз болот деп ойлойм. Өзгөчө статустун экономикалык - социалдык мааниси болот. Бул кошумча каражат, чек араларды чыңдоо, ипотекалык кредиттерди көбөйтүү, облустун өнүгүүсүнө багышталган атайын Өкмөттүн программасы болушу зарыл, финансылык жактан толук камсыз болгон.
Бирок андан да кем эмес мааниге ээ саясий- админстративдик статусу болуш керек облустун. Бул статус облустун жетекчилеринин өзгөчө админстративдик статустарына ылайык аныкталат...
Менимче, облустун жетекчиси тек гана Өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү эмес, ал бир эле убакта Өкмөттүн вице- премьерине тете статуска ээ болушу зарыл! Бул деген ал адамга жергиликтүү маселелерди, өзгөчө чек ара маселеринин чечүүдө өзгөчө укуктар берилиш керек дегенди билдирет. Албетте, укуктар менен кошо жоопкерчилик да кошо келет...
Керек болсо ал адамга мурункудай Губернатор деген наам берип, өзгөчө статусун аныктап коюш керек...
Бара- бара генерал- губернатор да болуп кетээр...
Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу