- Мутлу бей, «Сейтек-Жал» башталгыч мектеби «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесине тийешелүү. Ушул мектеп тууралуу маалымат берип кетсеңиз.
- "Сейтек-Жал" Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесине таандык мектептердин бири болуп саналат. Биз сүйүктүү окуучуларыбызга төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү сунуштайбыз:ыңгайлуу окуу класстары, ар бир класста экиден жогорку квалификациядагы мугалимдер, конференц жана спорттук зал, кенен жана ыңгайлуу ашкана, 3 маал даамдуу жана ден соолукка пайдалуу тамак.
«Сейтек-Жал» мектебинде чет тилдери 1-класстан баштап окутулат (англис жана түрк тилдери). Окуучулар чет өлкөдөн келген мугалимдер менен баарлашып, ар түрдүү ийримдерден кандайдыр өнөрлөргө үйрөнө алышат. Комуз менен шахмат кошумча сабактар катары милдеттүү түрдө окутулат. Окуучулар мектепке таңкы 8:30да келишип, кечки 16:30га чейин мектепте болушат. Бул убакыт аралыгында сабак окушуп, берилген тапшырмалары аткарышып, тамактанышат, окутуу процесстеринен чарчаганда эс алышат.
- Сиздердин мектептин башка мектептерден айырмачылыгы, артыкчылыгы эмнеде?
Биздин башка мектептерден артыкчылыгыбыз - Кыргызстанда эң алгачкы болуп Steam билим берүү системасына өткөнүбүз.
STEAM билим берүү системасы бул: S – science (илим), T – technology, E – engineering , A – art жана M – mathematics . Тагыраак айтканда, табийгый илимдер, технология, инженердик искусствосу, чыгармачылык математика.
STEAM билим берүү системасынын негизги максаттары: STEAM ыкмасынын негизги идеясы, практика теория сыяктуу эле маанилүү. Башкача айтканда, үйрөнүүдө биз мээбиз менен гана эмес, колубуз менен дагы иштешибиз керек. STEAM ыкмасынын негизги айырмачылыгы, балдар ар кандай сабактарды ийгиликтүү үйрөнүү үчүн мээни да, колду да колдонушат. Алган билимдерине алар өз алдынча "жетишишет". Бул бир гана окутуу методу эмес, ой жүгүртүү ыкмасы да болуп саналат.
STEAM программасынын башкы өзгөчөлүгү - алган билимди теория жана практикада колдоно билүүгө басым жасагандыгында. Балдар окуп жатып акылы менен гана эмес, колу менен да иштеп, өздөрү жасап көрсөтүшөт. Бул окуп-үйрөнүүнүн гана эмес , ойлонуп изилдөөнүн да ыкмасы болуп эсептелет.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2011-жылдан бери STEAM программасына байланышкан кесиптер 17%га өссө, а башка кесиптерге 9,8% га гана өскөн. Бул бүткүл дүйнө боюнча аталган программага суроо-талап жогору экендигин билдирет.
Демек, келечек технологиялардын өнүгүшүндө турат. Ал эми технологиянын өнүгүшү – заманбап илим-билимге таянган, жаңы форматтагы мугалимдердин колунда.
- Окуучулардын аң-сезимин өстүрүүдө, инсан катары калыптандырууда эмнеге өзгөчө көңүл бурасыздар?
Биздин мектептердин бүтүрүүчүсүнүн модели төмөнкүдөй:
- Жарандык укугун жана милдетин билүү менен коомдо жашоонун моралдык-укуктук эрежелерин сактай алат. Өз мекенин сүйүп, улуттун маданиятын, тарыхын, каада-салтын баалап, сактай билет, көркөм- эстетикалык табитин,ой-жүгүртүүсүн кеңейтүүнү үйрөнөт;
- Таанып-билүүсүн өнүктүрүүгө умтулуу менен билимин толуктап, колдоно алат;
- Үзгүлтүксүз инсандык өнүгүүгө умтулган, ар тараптан өнүккөн, акылдуу жана адептүү инсандын калыптанышы.
- Дүйнө таанымы артып, жаратылыштын ар түрдүү табигый кубулуш
мыйзамдарын билүүгө терең аракеттенет.
- Өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштуруп, жетектеп, жыйынтыктоо менен кийинки чекти белгилейт, ага умтулат.
- Ден-соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылып, сергек
жашоонун багыттарын билет.
- Окуучулардын сапаттуу билим алуусунда мугалимдердин ордулары чоң. Сиздер мугалимдерди кандай сын-ченемдер, талаптар менен тандап аласыздар?
- Ооба, мектептин мыктылыгы, анын сапаттуу билимдерди бере алуусу мугалимдеринен көз каранды. Бизди биринчи кезекте педагогдун кесиптик тажрыйбасы, жетишкендиктери кызыктырат. Эң башкы критерий болуп мугалимдин биздин мектепте иштөөгө, мугалим катары изденип, өзүн өзү өстүрүп турууга болгон каалоосу түзөт. Билим берүү процесстерине жаңы технологияларды, инновациялык мамилелерди кийирүү жана окуучуларга билим берүүдөгү жаңы форма менен методдор мугалимдердин дайыма билим алып, изденип, өздөрүн өстүрүп, кесиптик деңгээлдерин жогорулатып турууларын шарттайт. Ушундан улам биздин мектеп мугалимдер үчүн системалуу түрдө семинар, тренингдерди өткөрүп турат.
- Баласын же кызын кайсы мектепке берсем деген ойдо турган ата-эне эмнеге «Сейтек-Жал» мектебин тандашы керек?
- Биз эң ириде ден-соолугу чың, интеллектуалдык , эмоционалдык жактан күчтүү балдарды тарбиялап чыгарабыз. Окуучуларга таалим тарбия берүүдө адеп-ахлак, нарк-насил баштаган баалуулуктарды жетекчиликке алабыз. Педагогдор ар бир баланын тилин табуу менен балдардын ичте катылган мүмкүнчүлүктөрүн, жөндөмдөрүн ойготушат. Ар бир бала менен индивидуалдуу түрдө иш алып барышат. Ошондой эле түрк, англис тилдерин үйрөнүшүп, келечекте бул тилдерде эркин ойлонуп, жазып, сүйлөй алган адистерден болууга мүмкүнчүлүк алышат. Эң башкысы – билимдүү, дүйнөтаанымы кенен, жашоонун бардык учурларында туура чечим кабыл ала алган келечектеги жарандарды, инсандарды даярдайбыз.
Биз 2013-жылдан бери 400дөн ашуун бүтүрүүчүлөрдү узаттык.
- Мектептин жаңы имараты курулуп бүткөнүнө аз эле болду. Жаңы имарат эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
- Жаңы имаратыбыз 3 кабаттуу, аянты 5000 чарчы метрди түзөт. Заманбап ыкмалар менен лофт стилинде атайын дизайнерлер тарабынан жасалгаланган. Окуу класстары аябай кенен жана ыңгайлуу. Ар бир класста Smart boardттор орнотулган. Мектептин ичине кирген окуучунун маанайы көтөрүлүп, окууга болгон каалоолорунун болуусу биз үчүн маанилүү. Мектептин ички жасалгасы, аурасы да окутуу процесстерине таасир этпей койбойт. Жаңы имаратты курууда ушул жагдайлар эске алынган.
- Мектеп иштей баштагандан бери кандай ийгиликтерге жетиштиңер?
- Мектептеги билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчү болуп окуучунун окуудагы ийгилиги, өзүнө болгон ишеними эсептелет. Окуучуларыбыздын арасында активдүү, жоопкерчиликтүү жана билим алууга дилгир, тирикарак балдар көп. Билим алууга болгон кызыгууларын класстар ичинде эле эмес, ар кандай олимпиадаларга, интеллеуктуалдык, чыгармачылык сынактарда көрсөтүшүп келатышат.
Биздин мектеп 2013-жылдан бери иштесе, бул убакытта өткөрүлгөн “Сапаттын” окуучуларынын арасындагы тестирлөөлөрдө дайыма 1,2-орундарды алып келишти. Мындан сырткары, окуучуларыбыз Москвада өткөн табият таануу илимдери боюнча эл аралык олимпиадада, Италияда өткөн «World cup of folklore» эл аралык фестивалында, Алма-Атадагы Infomatrix олимпиадасында, Измирдеги эл аралык балдар фестивалдарында байгелүү орундарды ээлешип, жакшы ийгиликтер менен кайтышкан.
Булардан сырткары, окуучулардын окуу процесстериндеги ийгиликтери, жетишкендиктери тууралуу көп сөз кылсак болот. Ар бир окуучунун ийгиликтери – биздин жетишкендиктерибиз болуп эсептелет.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: "Майдан. kg" гезити