Бул тууралуу «Бикард» клиникасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Елена Баялинова билдирди.
«Матраимов биздин клиникага кан басымы жогорулап, айрым кан айлануучу органдарынын иши бузулган абалда алып келинген. Учурда ага операциянын алдындагы атайын кароо жүргүзүлүп жатат. Анын жүрөгүнүн кан тамырларына скальпельсиз — инвозивдүү операция жасалат».

Елена Баялинованын айтуусунда, учурда дарыгерлер Матраимовдун бөйрөгүнө да кароо жүргүзүшүүдө. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 20-февралда эки айга камалган. Кийинчерээк ал ден соолугу начарлап, Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасына жаткырылганы кабарланган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары 18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин экинчи жолу кармалган. Ага кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга байланыштуу айып тагылган.
Биринчи май райондук сот 11-февралда Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Булак: Элгезит