Бул тууралуу Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, азыркы учурда жүрүп жаткан конституциялык реформаларга, мамлекеттик башкаруу системасындагы өзгөрүүлөргө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу 2018-жылы бекитилген «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» программасына өзөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыкты.
Ошондуктан 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топ түзүлдү.
Эксперттик топтун жетекчилигине Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев, анын орун басарлыгына Президенттин аппаратынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Искандер Гайпкулов бекитилди.
Президенттин аппарат жетекчиси эксперттик топтун астында турган негизги эки милдетти белгиледи:
- биринчиден, коронавирус пандемиясына байланыштуу келип чыккан кризисти, конституциялык жана мамлекеттик башкаруу системасында жүрүп жаткан реформаларды эске алуу менен 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- экинчиден, экономикадагы негизги жана түзүмдүк орто мөөнөттүү реформалар топтомун даярдап чыгуу.
Сүйүнбек Касмамбетов жакынкы жылдарга мамлекеттик саясат эки стратегиялык милдеттен — пандемиянын кесепеттеринен экономиканы калыбына келтирүү боюнча антикризистик чараларды тез арада ишке ашыруудан, ошондой эле кескин жана системалуу реформаларды жүргүзүү менен экономикалык өсүштү тездетүүдөн турарын белгиледи.
Эксперттик топко төмөнкүлөр тапшырылды:
- 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө 2019-жылга отчетун талдоо, анын жыйынтыгы боюнча стратегияны оңдоо боюнча сунуштарды даярдоо;
- COVID-19, конституциялык реформа жана мамлекеттик башкарууну реформалоо менен шартталган кризистик көрүнүштөрдү эске алуу менен, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын актуалдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- орто мөөнөттүү мезгилге жана 2026-жылга чейин экономикада түзүмдүк реформаларга ири реформалардын топтомун даярдап берүү.
Ведомстволор аралык эксперттик топтун курамына Президенттин аппаратынын, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирди.
Булак: Баракелде