Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Ормонов Ак калпак күнүнө карата иш чаранын уюштуруучулары Элнура Кулуева менен Аманбол Бабакуловду мамлекеттик кызматтарга тартуу керектигин белгиледи. 

"Азыр Ала-Тоо аянтында иш чара болуп жатат. Мен барып көрүп келдим. Анын уюштуруучулары Элнура Кулуева менен Аманбол Бабакуловго ыраазычылык билдирем. Экөөнүн бирөөсүн маданият министринин орун басары кылып койсок, көп ишти алып кетишмек экен. Улуттук нарк-наасилибизди даңазалап жаткан ушундай активисттерибиз бар экен. Пандемия учурунда да көп жакшы иштерди уюштурган. Бул кишилерди кызматка коюш керек. Өкмөт башчыга менин ушул сунушумду айта барсаңыз", - деди депутат өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып.