Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери билдиришкен.
Алардын айтымында, кечээ, 3-мартта Аксы районунун Карасуу айылынын жети тургуну аймактык ооруканага жаткырылды. Алардын үчөө жолдо каза болгон, дагы төртөөнүн абалы оор.
Маалыматтарга караганда, тургундун үйүндө болгон майрамдык салтанат учурунда жарандар спирт ичимдиктерине ууланышкан.
Булак: Элгезит