Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, ай сайын өз ишин сапаттуу аткарган көчө шыпыргычтарга айлыгынын 30% өлчөмүндө сый акы берилип турат.
"Кызматкерлерге айлыкты жана сый акыны жогорулатуу мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" ишканасынын директору Рыспек Сарпашовдин колдоосу менен жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле 8-мартка карата "Тазалыктын" айым кызматкерлерине сый акы берилери айтылат.
Булак: Кабар