Матраимов Бишкектеги жеке клиникада дарыланууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, ага кооптуу гипертония жана стенокардия диагнозу коюлган, анын абалы орто оор деп бааланууда. Ошондуктан, ага операция жасоо пландалып жатат. Операция ушул эле клиникада жасалышы мүмкүн, деп билдиришти өздөк булактар.
Матраимов 2020-жылдын октябрь айында бажыдагы коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ал 2 миллиард сом өлчөмүндөгү зыянды төлөп берген.
Февраль айында ал кайрадан камакка алынган. Бул жолу кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана адалдоо боюнча кылмыш иши козголгон. Сот тергөө мезгилинде камакка алууга санкция берди. Бирок, бир аз убакыттан кийин ал дарыланууга чыгарылган. Ал 24-февралда ооруканага түшкөн. 22-февралда Кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Бакыт Рысбеков Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканы боюнча кайрылганын билдирген.
Булак: Баракелде