-Негизи митингдер  бийликке,  бийлик  бутактарына болгон нааразычылыктардан улам болот. Раим Матраимовдун  укугун  коргоо иретинде  элдин бир белгилүү тобунун чыгышы, чынында  туура эмес  болууда. Себеби, эл  тескерисинче коррупцияга каршы күрөштү күчөткүлө деп бийликке талап коюп жатат. Кылмыш мыйзамынын принцибинде, “кылмыш жасаган  адам жазасыз калбаш керек, жасаган кылмыш далилдүү  жана берилген жаза акыйкаттуу болушу керек. Бул  жарандардын кылмышка барбашына  профилактика болот” деп көрсөтүлгөн. Демек, кылмыш жасаган адамды жазалоо эле эмес, элге үлгү катары,  кылмыш жасабоого коомчулукту тарбиялоо болуп эсептелет. “Раим миллион”  көптөгөн адамдарга, айылга, спорт тарабына жардам көрсөтүп келгени жакшы,  өзү да жакшы адам болсо керек. Бирок  тилекке каршы, ал акча каражат кандай жол менен келгенин  Раимбек  өзү мойнуна алып жатат. Ошондуктан, чындык ачуу болот дегендей, биз Райым Матраимовду  коррупциялык ишке катышкан, уюштурган кылмышкер катары кабыл алабыз. Ошол эле учурда, ал көрсөтүлгөн кылмыштарды бийлик башында турган адамдардын катыштыгы жок, жалгыз жасай алмак эместигин айтсак болот...  Демек, эл айткандай Кыргызстандын бийлиги уурулукка белчесинен баткан. Ошол себептен, люстрация-тазалануу мыйзамын кабыл алуу боюнча элдин бирден бир талабы турат. Кыргызстанда чиновник  10 миң сом   айлык маяна алып, бирок байлыктары сан жеткис адамдарга  сый- урмат көрсөтүп,  төргө отургузуудан кайтышыбыз керек. Ошондо коомдун  оңолоору шексиз. Ал эми, Раим Матраимов  саясий оюндардын курмандыгы  эмес, көптөгөн мыйзамсыз байыгандардын бири  десек туура болот.

Булак: «Майдан. kg» гезити