Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына арналган салтанат, өкүл Өмүрбек Суваналиев баштаган облустун активи, Баткен районунун, Баткен шаарынын активи жана тургундарынын катышуусунда белгиленди.

Салтанат Кыргызстандын гимни менен башталып, ыйгарым укуктуу өкүл жалпы элди Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

“Мамлекеттик туубуздун желбиреп турушу, элибиз үчүн чоң бакыт жана зор сыймык. Көз карандысыздыктын символу болгон желегибиз, эгемен өлкөбүздүн жакшылыктарында желбирей берсин, туубуздун, патриоттук сезимибизди козгоп, ата мекенди сүйүүгө, коргоого үндөгөн, улуу касиети бар. Ошол эле учурда туубуз өтө терең философиялык маанини өзүнө камтыйт”, - деди Өмүрбек Суваналиев өз куттуктоосунда.

Иш-чара аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Туу күнүнө арналган салтанат, облустун бардык район шаарларында белгиленди.