Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ордуна Юсупов Замир Байышович Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

35 жаштагы Замир Юсупов бүгүнкү күндө Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп турган.

Жогорку билимдүү. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин Эл аралык мамилелер факультетин жана Ош технологиялык университетин аяктаган.

Булак: Кабар