Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынан сырткары нефти жана нефти продуктуларын чыгарууга убактылуу тыюу салынды жана тийиштүү чечимге өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койду. 

Мындай чечим ички рыноктогу нефти жана нефти продуктуларына болгон таңкыстыктын жаралышын алдын алуу максатында кабыл алынды. Тыюу нефтини автоунаа жана темир жол аркылуу чыгарууга салынган. Аны менен катар Кыргызстандан нефти жана нефтипродуктуларын жеке колдонуу үчүн физикалык тараптын алып чыгуусуна тыюу салынбайт. Өзүнчө бакта 20 литрден көп көлөмдө болбошу керек.  

Чечим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.