Бул маалыматты Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-мартта билдирди.

25-февралда саат 00:40 чамасында Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү батирден эркек кишиге ок атылганы тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине түшкөн. Айтылган дарекке Свердлов РИИБдин ыкчам тобу барып, эксперт-криминалисттер ок маркумдун жүрөк тушуна тийгенин аныкташкан.

Анын өздүгү такталып, 1983-жылы туулган С.Д. болуп чыкты. Булактардын маалыматына таянсак, маркум «DJ Casper» деген ысым менен ди-джей болуп иштечү.

Бул факт адам өлтүрүү беренеси менен катталып, Свердлов РИИБдин жана Бишкек ШИИБдин оперлери шектүүнү кармашты. Шектүү — 1984-жылы туулган Л.В. Бишкек ШИИБде камакка алынды.

Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда ок атуучу куралдар, ок-дарылар, документтери жок ТОЗ-8 куралы, МЦ 2001-915179, пневматикалык тапанча, тапанчанын 3 огу, гильза жана башка буюмдар табылды. Анын башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.

Булак: Баракелде