Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мындай маалымат ички иштер министри Улан Ниязбеков үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча өткөргөн онлайн кеңешмеде айтылды.
Белгилүү болгондой, январь айында 727 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары аныкталып, анын көпчүлүгү Бишкек жана Чүй областында катталган. Зомбулук жасаган адамдарга карата 632 убактылуу коргоо ордерлери берилген.
Булак: reporter.kg