"Эми кемчонтойлордун оюна койсо биздин өлкө - ЭКИ ЛЕНИН, ЭЛДЕРДИН ДОСТУГУ ЖАНА ОКТЯБРЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ ОРДЕНДҮҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ - деп аталышы керек болот го дейм...   Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын  "Ленин ордендүү театр" деп жаңы аталыш берилди дегенден улам ушул ой келди...  Татынакай аталышы турса кайдагы Лениндин атын жабыштырыштын кандай зарылчылыгы бар эле дейм да...  театрга...", - деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, бүгүн Өкмөттүн 22-февралдагы токтомуна ылайык, Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрына В.И.Ленин ордендүү деген белги кошулуп айтылаары белгилүү болгон. Андан сырткары театрдын башкаруу формасы мамлекеттик мекемеге айланган.