16-февралда Кыргыз ССРинин Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, советтик жана кыргыз актрисасы Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында көз жумду. Кыргыз өнөрүнүн дагы бир корифейи кетти. Бул жоготуу жалпы кыргыз элинин оор жоготуусу болду. Залкар актрисаны замандаштары төмөнкүдөй эскеришти.

Эгемберди Чалабаев, КР Эл артисти:  “Жаш таланттарга жол ачууну тилек кылган”

- Мен эже менен 1979-жылы жакындан тааныштым. Ошол жылы театралдык окуу жайында окуп жүргөнүмдө “Эгиз бала” спектакли коюлуп калды. Эже канышанын ролун аткарды. Канышанын көрө албас күндөштөрү эгиз ымыркайларын күчүктөргө алмаштырып коет эмеспи, мен ошол күчүктөрдүн биринин ролун аткардым. Ошондо Жамал эже менен биринчи жолу сахналаш болдум. Бул мен үчүн жомок болду. Айылдан жаңы келген 18 жаштагы бала чоң актриса менен чогуу ойногону чынында жомок сыяктуу болчу да. Кийин окууга кетип, 1983-жылы аяктап келдим да, эже менен театрда чогуу иштеп калдым. 1990-жылдарга чейин көрүшкөн жерде саламыбыз түз болгон, сый кесиптештерден элек. Мамлекетибиз эгемен алган жылы “Туңгуч” театрын Жамал эже түптөп, аны менен кошо биз да кеттик. Ойлоп көрсөңөр, драмтеатрда эжени баары урматташчу, ролдору бар эле, үйү бар, жайы бар, ал болсо баарынан кечип, жанын жанга карч уруп “Тунгуч” театрын ачты. Көрсө, Жамал эженин чыгармачылыктагы көрөгөчтүгү бар экен да, жаңы мамлекет түзүлдү, жаңы коом пайда болот, чыгармачылык да жаңыланып, жаңы нукка бурулуш керек деген экен да. Биз эжеден бир ирет сурап калдык, эмнеге кыйналып театр ачтыңыз, жылуу-жумшак драмтеатрда иштей берген жоксуз деген таризде. Эженин жообу жүрөгүмдөн чыкпай калды. “Менин жаштар үчүн жүрөгүм ооруйт. 24-25 жашында театрга келишет да, массовкада  жүрүп, роль алышкыча 30-35 жашка чыгып калышат. Мен жаштарды ачсам, чоң ролдорду жаш кезинде ойной тургандай кылсам деп тилек кылам”,- деген болчу. Чындыгында, “Туңгуч” жаңы доорго жаңыча чыйыр салган театр болду. Өзүнүн стили, формасы, жүзү бар театрга айланды. Египет, Колумбия, Германияны кыдырдык, мунун баары эженин эмгеги болду.

Чоро Дубанаев, КР Эл артисти:  “Эже катары дайыма акыл-насаатын айтып турчу”

- “Олжобай менен Кишимжан” спектаклинде Жамал эле Кишимжан, мен Олжобайдын ролун аткардым. Сахна деген сахна да, улуу-кичүүнү жымсалдаса болот. Дооронбек Садырбаевдин “Түркүн тагдырлар” көркөм тасмасында да чогуу роль жараттык. Эже катары дайыма акыл-насаатын айтып турчу. Чыгаан актриса эле, образды ачууда өнөктөшүңдүн да таасири чоң болот.

Асылбек Өзүбеков, актер:  “Ар бир образы өзүнчө керемет”

- Жамал эже кыргыз элине өтө чоң эмгегин калтырып кетти. Ал кино дүйнөсүнө түбөлүк өчпөй турган образдарды калтырды. Сахнадагы образдары да керемет. Ар бир образын талдай турган болсок, ал түгөнгүс сөз.

Гүлшан Молдоева, алып баруучу:  “Ооруп жатканына карабай инаугурацияга келип, батасын берди”

- Эженин абдан күчтүү, кайраттуулугуна таң берчүмүн. Акыркы бир айда катуу ооруду. Байланышып, акыбал-жайын сурап турчумун. Президенттин инаугурациясы болуп жаткан маалда ооруп жаткан. “Мен бул иш чарага сөзсүз барып катышышым керек”,- деди. “Эже, бара аласызбы? Отура аласызбы?”- деп сурадым. “Ооба”- деди. Ушунчалык жаны кыйналып ооруп жатса да жакшынакай болуп кийинип, денесин түз кармап келди. Мен улам карап коем, “Кыйналып жатсаңыз айтыңыз, акырын чыгып кетебиз”,- десем, “Чыдайм”, - деп болгон жок. Эч нерсени билдирбей отурду. Садыр Жапаровду абдан жакшы көрүп, үмүтүн артты. “Буйруса Кыргызстан оңолот, алдыга жылабыз. Мен балама батамды беришим керек”,- деп президентти “балам” деп мээрим менен айтып калды. Ушундай кайраттуу, мээримдүү өнөр ээсинен айрылып калдык... Эженин тилеги, үмүтү аткарылып, мекенибиз өнүгүүгө бет алса экен.

 Зарема Асаналиева, актриса:  “Менин биринчи мугалимим”

- Мектепте окуп жүргөн кезимде Каракол шаарына “Туңгуч” театры “Махабат жылдызы” мюзикли менен гастролго барып калды. Эженин каза болуп калганын инисинин жубайы Караколдо жашачу, менин апамдын курбусу болчу. Эже барган сайын келининен кабар алып турчу экен. Ошол сапар да келинине барганда анын жанында апам болуп калат. Мен тууралуу айтып, театр өнөрүнө кызыгат деген экен. Эртеси мени көрүп “чымыны бар экен” деп баа бериптир. “Мага жөнөткүлө”,- деген экен, ал жылы 9-класста окучумун. 11-классты аяктагандан кийин Бишкекке биринчи жолу келип, “Туңгуч” театрын таап бардым. Эженин үйүндө бир жыл жашадым, күн сайын эртең менен өзү менен театрга алып келип, кечинде алып кетип жүрдү. Талапты абдан катуу койчу, “сен аткарасың!” – деп жатып үч спектаклде ойнодум. Кээде өзүмө болгон ишенимим кайтып, “колумдан келбейт экен”, - деп ыйлаган күндөрүм болгон. Бирок эже ансайын талапты катуу коюп жүрүп, мзюкилде башкы ролду ойногонго жетиштим. Мен Жамал эжедей эмгекчил адамды көрө элекмин. Абдан эмгекчил эле. Менин биринчи мугалимим десем жаңылышпайм.

Асель Чоткараева, актриса, Жамал Сейдакматованын келини:  “Супсулуу болуп жылмайган калыбында үзүлүп кете берди...”

- Апам көпкө ооруду, абдан жаны кыйналган учурлар болду. Бирок бир да жолу өзүн таштаган жок. Дайыма өзүн карап, акылын айтып турду. Аз күн мурда жер үйгө көчтүк эле. “Силер чоң үйдө жашашыңар керек”, - деп жатып жер үй курдурган. Көчүп барганыбыздан кийин эки күн түнөдү... анан көзү өтүп кетти... (ыйлап).

Негизи, адам кандай жашаса ошондой өлүм табат деген чын экен. Апамдын эч кимге жамандыгы болгон эмес, эч кимге кара санаган эмес. Жада калса чымынды да өлтүрө албаган бир башкача мээрими, жумшактыгы бар болчу. Ар кандай ушак сөздөрдү укканда терикпей, “Мейли кызым, билбегендер айта беришет да”,- деп койчу. Каза болгондо да жеңил кетти. Небересинин колун кармап, “Асель кызым, уулум экөөңөргө абдан ыраазымын”, - деп ыраазычылыгын берип, анан жылмайган калыбына көзүн жумуп узап кете берди... Абдан сулуу, жылмайган калыбында... Биздин эми өмүр бою көз алдыбызда ошол элеси калат...

Апам абдан мээримдүү эле. Мага дайыма жакшы кебин айтып, шык берип турчу. Көп мүнөзүбүз да окшош эле. “Менин окшошум”, - деп койчу. Келбетибизди да окшоштуруп коюшат. Экөөбүз тең көчөдөн тамактанганды жакшы көрчүбүз. “Мен да чалыма тамак жасабай, сен да тамак жасабай”, - деп тамашалап күлүп калчу. Тамак жасачубуз, көчөдөн тамактанганды да жакшы көрчүбүз. 

Мен апамдын күчтүүлүгүнө эми ойлоп таң калып жатам. Президент Садыр Жапаровду мурдатан эле жакшы көрчү, президенттик шайлоого чейин “Менин балам өтсө экен”, - деп өз баласына тиленгендей тиленип жүрдү. Шайлоодон кийин инаугурацияга барам деп калды. Көпкө отура алчу эмес да. Биз барбай эле коюңуз дедик. Көнгөн жок. Жакшынакай кийинип алып кетти. Бир саат отура албаган апам ошол күнү төрт саат иш чарада отуруп, аябай бактылуу болуп келди. Ушунчалык чыдамдуу, кайраттуу адам эле...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити