"Балдарынын жарандык документтерине "атасы" деген графага өзүнүн (энесинин) ысмын берүүнү чечкен жана бул боюнча соттошуп жаткан Алтын Капалованын маселесин балдарын жалгыз багып-чоңойткон ар бир аял түшүнсө керек.

Кээ бир ата сөрөй аялынан кечсе, балдарынан кошо кечип, каралашпай, же аларды ызалантып, зыянынан башка пайдасы тийбесе, балдар да чоңойгондо аталарынан кечишип, ошондой атанын фамилиясында жүргүсү келбеген учур көп.

Апасынын фамилиясына өтөйүн десе "атасынын аты" графага таятасынын аты жазылат экен. Ошондо баласынын атасы таятасы болуп, биздин менталитетте намыстана турган иш болуп калат. Кыргызда: "атасы жинди болсо да баласы анын аты-жөнүн алып жүрүш керек. Кичинесинде бакпаса да өлгөндө көмүш керек. "Кимдин баласысың" деп сурагандарга атасынын атын айтыш керек", - деген түшүнүк бар. Бул адилетсиздик.

Бул маселени кылдат талдап карай турган учур келди. Аталарды жоопкерчиликке чакырган, аталык милдетин аткарбагандардын балдарына апасынын атына өтүүгө жол берилген мыйзам керек", - деп жазды акын, жазуучу Зинакан Пасанова соцтармактагы баракчасына.

Эске салсак, жарандык активист Алтын Капалова буга дейре балдарына "отчествонун" ордунан өзүнүн атын, "матчество" берген. Жакында Мамлекеттик каттоо кызматы бул үчүн Капалованы сотко бергени белгилүү болду. Учурда бул маселе коомчулукта талкууланып жатат.