Бул тууралуу Орусиянын “Российская газета” басылмасына курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, өзгөртүүлөр референдумга чыгарылып, эл өз тандоосун жасайт.
Жапаров Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындаларын, республикалык бюджетти бекитүү, өкмөттүн жана административдик-аймактык түзүлүшүнүн жылдык отчетун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болорун айтты.
Булак: Элгезит