“Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында Баткен облусунда дыйкан, фермер, багбандар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө, жеңилдетилген насыялар бериле баштады.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, 6-10%дан берилген насыя дыйканчылык, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субьектерин каржылоого, лизингге техникаларды алууга берилет.

Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар берилет.

Жеңилдетилген насыя алууну каалагандар Баткен облусундагы “Айыл Банк”, ”РСК Банк”,  “KICB”,”Оптима”, “Кыргызстан” банкттарына кайрылса болот.

2020-жыл ичинде облус боюнча Айыл банкы жана РСК банкы тарабынан 914 ишкер мамлекетен 432 млн 50миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.

Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техникаларды алышты, 10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алышып, чакан ишкердиктерин башташкан.

Булак: Маралфм