Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бюллетендерди даярдап жеткирүүгө, маалыматтык кампанияларга, транспорттук чыгымдарга 30-40 млн сом сарпталышы мүмкүн. Ал эми жергиликтүү кеңештерди шайлоого 425 млн сом керектелет.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо «Форма №2» колдонулбайт. Шайлоо учурдагы Конституциянын негизинде өткөрүлөт.

«Бул жерде жергиликтүү жамааттын мүчөсү шайлоого катыша алат. Ал үчүн аймак же шаарда каттоосу болушу шарт, ошондо гана шайлоо укугуна ээ болот», — дейт Бекматов.

Булак: маралфм