Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардык соту буга чейин Биринчи май райондук сотунун Абдил Сегизбаевге карата камакка калтыруу түрүндөгү башка коргоо чарасын күчүндө калтырды. Ал УКМКнын тергөө абагына 25-мартка чейин камакка алынган.

Абдил Сегизбаев Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев "Белизгейт" ишине байланыштуу кармалган.

Булак: Кабар