АКШнын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, анда АКШ бийлиги Райымбек Матраимовдун кармалып, камакка алынып, иликтөө иштеринин жүргүзүлүүсүн колдой тургандыгын билдирди.
“Биз Кыргызстанды укук коргоо органдары менен уурдалган, өлкөдөн сыртка чыгарылып кеткен активдерди таап, кыргыз элине кайтарууга кол кабыш кылууга даярбыз”,- деп айтылат элчиликтин атайын билдирүүсүндө.
Буга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дароо жооп кылды. Ал АКШ бийлиги чындап эле коррупционерлерди кармоого жардам кылууга даяр болсо, анда АКШда качып жүргөн Аскарбек Шадиевди кайтарып берүүсү керектигин, Максим Бакиев баштагандарды кармоого колдоо көрсөтүшү зарылдыгын айтты. Аскарбек Шадиевди өзү барып, алып келүүгө даярдыгын кошумчалады.
Камчыбек мырзанын бул айткандарында негиз бар. Чын эле эмне үчүн АКШ Матраимовду гана көрүп, коррупциялык иштеринен улам сыртта качып, жшынып жүрүшкөн башка фигуралар тууралуу сөз кылбайт? Бул АКШ тараптын кош стандарттуу саясатыбы? Же алар Кыргызстандагы саясий кырдаалга жараша гана иш жүргүзүшөбү?
Булак: “Майдан. kg” гезити