БорШайКом 11-апрелде өтчү жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө канча каражат сарптала турганын билдирди.

БШКнын маалыматына ишенсек, Аймактык шайлоо кмиссиялары менен Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнөн айлыктары үчүн 182,5 млн. сом жумшалат.

Бул сумманын ичинде 31,4 млн. сом Соцфондого чегерилет. Мындан сырткары, канцелярдык товарларды сатып алууга 37,1 млн., кызматтык иш сапарларына 4,3 млн. сом коротулса, байланыш кызматтарына 6,6 млн. сом каралган.

Жалпы болуп жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүгө өлкө бюджетинен 425 млн. 234 миң сом сарпталмакчы.

Белгилей кетсек, 11-апрелде өлкөнүн 28 шаары менен 420 айылдык аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтөт.

Булак: “Майдан. kg” гезити