Эл аралык каттамда иш алып барган айдоочулар уруксат алууда бюрократиялык жагдайларга кептелип, ала албай жатышат. Бул тууралуу депутат Рада Түмөнбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

Эске салсак, бүгүн 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “1970-жылдын 1-июлунда Женева шаарында түзүлгөн, Эл аралык автомобилдик ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын экипаждарынын (ЕСТР) иштөөсү боюнча Европа макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министринин орун басары Талант Солтобаев бул жаатта кемчиликтер бар экенин моюнуна алды жана  уруксат берүү чараларын электрондоштуруу багытында тиешелүү жумуштар жасалып жатканын белгиледи.

"Кээде уруксат кагаздары жетпей калган учурлар болууда" - деди министрликтин өкүлү.