УКМК тарабынан "Кабарлар" маалыматтык агенттиктин жетекчиси Үмүт Мукамбетова кармалганы белгилүү болду. Маалыматка караганда, ал КР Кылмыш жаза кодексинин "акча талап кылуу" беренеси боюнча шектелген.
"У.М. 84 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды. Ал арыздануучу патрулдук милиция тарабынан мас абалында кармалып, административдик жоопкерчиликке тартылып жатканы чагылдырылып калган видеоматериалды өчүрүү үчүн акча талап кылган. Учурда ал УКМКнын абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Акыркы учурда журналисттерге жалган жалаа жабылып, кайсы бир кадамын "акча талап кылуу", "опузалоо" беренелерине ылайыкташтырууга жасалган аракеттер пайда болууда. Бул сапар да атайын кимдир бирөөлөр тарабынан ойлонуштурулган иш экени убакыттын өтүшү менен ачыкталса керек.