Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Мекен коргоочулардын Күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Баарыбыз бул майрамды балалык кезибизден жакшы билебиз. Биз үчүн ал аскер кызматын өтөө менен, жоокердин күч-кайраты жана каармандыгы менен, өлкөбүздүн мүдөөлөрүн коргоо жана анын тарыхына сыймыктануу сезимдери менен ар дайым коштолуп келген.

Заман өзгөрөт, бирок мекенди коргоонун жана сактоонун ыйык милдети өзгөрбөстөн кала берет. Ɵз мекенин, өз ата журтун коргоо ар бир мекенчилдин, ар бир жарандын ыйык парзы болуп келген.

Ал эми 23-февраль күнү биз Улуу Ата мекендик согуштун жана башка жоокердик аракеттердин ардагерлерине, Куралдуу Күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлерине, ошондой эле өлкөбүзгө тыштан кол салууларга токтоосуз бөгөт коюуга даяр бардык адамдарга терең ыраазычылыгыбызды айтабыз!

Бул күнү биз жарандарыбыздын бейпил жашоосун жана Мекенибиздин коопсуздугун сактап тургандарга, жоокердик күзөттү аркалап, Кыргыз Республикасынын аскерлеринде кызмат өтөп жаткандарга, мамлекеттик чек араны коргоп тургандарга терең сый-урматыбызды билдиребиз.

Бардык аскер кызматчыларын, согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерин, алардын ата-энелерин, жубайларын жана балдарын Мекен коргоочусунун Күнү менен куттуктаймын. Баарыңыздарга тынчтыкты, жакшылыкты жана бекем ден-соолукту, албан ийгиликтерди каалаймын.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов