Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына Раимбек Матраимовду колдоо митингги тууралуу пикирин жазды. 

"Ууруларды колдогон митингге каршы митинг уюштуралыбы? Такыр эле чектен чыгып кетишти. Уурдап алган акчаларга мен деле тарапташтарды топтоп алмакмын", - деди ал. 

 Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимов кечээ кайрадан кармалган. Буга чейин да кармалып, бирок мамлекетке келтирген чыгымдардын ордун жабуу убадасы менен бошотулган. Анын кармалышы Бишкекте жана Кара-Суу районунда митингдин болушун шарттады.