Бишкекте Эркиндик бульварында, УКМКнын имаратынын жанында Раимбек Матраимовду колдоо митингги болууда. Ага 100 чакты адам катышты жана алардын талабы - Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарын бошотуу болду.
Митингге чыккандардын арасынан мамлекеттик кызматта иштегендер жана депутаттарды жолуктурууга болот. Мисалы, депутат Таабалды Тиллаев жана "Манас" аэропортунун жетекчисинин кеңешчиси Дайырбек Орунбеков. Ошондой эле, камакка алынган ар кайсы саясатчыларды колдоо митинггине үзбөй катышып келген "Мээр жазы" кайрымдуулук фондунун башчысы Ыргалай Бекмуратова бул жерде да көрүндү.