- Марлен Абдрахманович, айрым адамдар: “Муфтийди камап, динге шек келтирдиңер” десе, кээ бири: “мыйзам баарына бирдей”- деген ойду айтышууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Кыргызстан укуктук мамлекет. Эгерде кимдир бирөө кылмыш жасаса, ал кандай гана даражада турбасын же кызматта иштебесин сөзсүз жазага тартылууга тийиш. Ар бир адам күнөөсү үчүн жооп берүүсү керек. Ал эми муфтийдин камалуусу боюнча айтсам, мындай ишке өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Кыргызстандын 90 пайызы мусулман калк, ушунча адамдын башында турган кишини паракорлукка айыптоо көп туура эмес иштердин башын ачышы мүмкүн. Эртең динге чакырууда дагы мындан аркы аракеттер өтө оор болуп калат. Дин чөйрөсүнө өтө назиктик менен мамиле кылуу зарыл деп эсептейм. Менимче укук коргоо органдары ойлонуп, үй камагына чыгарды.

- Жооптуу кызматтарга кээде сизди да сунуштап калып жатышат. Сунуш түшсө, иштеп бергенге даярсызбы?

- Азыр бир нерсе деп айтыш кыйын. Аны убакыт көрсөтөт.

- Бийликтин коррупция менен күрөшү чындап жүрүп жатабы же жөн эле шоу болуп атабы?

- Коррупция менен күрөш жүрүп жатканы чындык. Бирок биз кесепеттери менен эмес, себеби менен катуу күрөшсөк болот эле.

- Мисалы?

- Транспорт жана жолдор министрлигинде тараза бар. Бирок, ошол эле учурда 20 миң доллар сол чөнтөккө түшкөн коррупция бар, орун басарларын камап эле жатабыз. Ордуна келгени деле камалып жатат. Камап туура кылганыбыз менен ал жердеги коррупция токтогон деле жок да. “Коопсуз шаар” сыяктуу эле баарын автоматташтырып, адам эмес компьютер чече турган кылып койсок, камоо да токтойт эле, коррупция да токтойт болчу. Тийиштүү мыйзам жазып бергенибиз менен ал тилекке каршы иштебей, аткарылбай жатат. Коррупция менен күрөштү алдын алуу үчүн мына ушул жагдайларды дагы эске алсак, мындан да жакшы натыйжасын бермек.

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити