УКМК башчысы Ташиевдин келиши, чек ара маселесинде убактылуу болсо да тынчтык орноп, эки өлкө ортосунда сүйлөшүүнүн акыркы этаптары жүрүп, өткөн-кеткен бийликтин ботколору да ачыкка чыгышы турган иш.
Чек ара өтө оор маселе. Бул маселе чек ара тилкесинде жашаган калктын эле эмес, УКМК башчысы Ташиевдин түн уйкусун бузуп турган учур. Учур кандай болгондо да, Камчыбек Кыдырышаевич патриот жигит. Анча-мынчага моюн сунбай, отко боюн урган көкжал мүнөз адам. Андыктан, эки мамлекет ортосундагы талаштуу маселеге карапайым калктын сабыры керек.
Ташиевдин уйкусун бузган экинчи маселе, эң опурталдуу дин маселеси. Муфтий Максат ажыга болгон чабуул, өлкөдө байкалбаган кайсы бир күчтүн бышып-жетилип калганынан коңгуроо кагат. Бул маселеге тереңинен карабаса, залалы бүтүндөй Борбор Азияга таркашы мүмкүн. Максат ажынын муфтийликтен кетишине Ташиев каршы реакция берди. Реакцияга караганда Максат ажы ак экенин далилдейт десек болот.
Муфтийдин таза экенин көпчүлүк деле билип, аалымды каралагандарды Кудай жазасын берсин деп олтурушпайбы. Миң ирет каралаганда деле УКМКда жетишеерлик маалымат болот эмеспи. Бүгүн Ташиев чек арадагы чырды жайгарып, аалым Максат ажынын батасын алса, Ташиевге болгон калктын ишеними күчөп, бул кишиден көптү үмүттөнсөк болот эмеспи.
Эрнис Нурдин