Соцсеттерде К.Ташиевдин "Жер силердики эмес. Мамлекеттики", - деген сөзүн катуу талкуулап атышат. Ошондуктан, "Мамлекет. Эл. Жер" деген сөздөрдүн терең маанисине үңүлүп көрбөйлүбү. Улуттун - эгемен мамлекетинин болушу бул эбегейсиз чоң дөөлөт.Улут үчүн мындан чоң байлык, ырыскы, кут жок. Болбойт дагы. Болгону улут эгемен мамлекетте ээ экендигинин баркын, кадырын,баасын туура түшүнүүсү керек.Эгемен мамлекетиң болсо гана "Ушул аймак меники. Ушул жерден баштап менин чек арам",- деп айта аласың. Эгемен мамлекетиң болбосо андай сөздү оозуңдан чыгара албайсың. Кыргыздар эгемендүүлүгүбүздөн, мамлекеттүүлүгүбүздөн айрылган мезгилдерде тигил жагы Кашкарга, бул жагы Мургап, Жерге-Талга, Илээ, Жети -Сууга чейинки ээлеген аймактарыбызды башкалар өздөрү билип каалагандай бөлүп алып коюшкан. Кың дей алган эмеспиз. Бүгүн эгемен мамлекетибиз бар болгондуктан сөзүбүз чоң. Коңшулар менен тең ата сүйлөшүп жатабыз. Француздар "Чек араны талкуулоо согушту талкуулоо"- дешет. Мамлекеттер ортосундагы чек ара маселесин бир да мамлекет эч убакта элге, коомго салып чечпейт. Чек араны тактоо маселеси өтө оор маселе. Ал дипломатиялык жолдор өтө аяр сүйлөшүүлөр менен чечилет. Чек ара маселесин чечүү мамлекеттин түздөн түз милдети. Эл мамлекетине ишеним көрсөтүү менен бул маселени мамлекетке бериши керек. Антпесе чек ара маселеси эч убакта чечилбейт. Мамлекет да эл ишенимин актап, мамлекеттик кызыкчылыкты катуу кармап, чек араны туура чечиши шарт. Жогоруда айтылгандай эгемен мамлекетин болсо гана сен ЖЕРГЕ ээсиң. Эгемен мамлекетин болбосо өз огородуңа да ээ боло албайсың. Кожоюндарың каалаган учурда сени каалаган жагына айдап жиберип огородуң эле эмес, аялыңды деле тартып алып коет. Дүйнөдө ушундай абалда жашаган, жери, чеги эмес өз башына ээлик кыла албаган улуттар толтура. Ошондуктан МАМЛЕКЕТИБИЗДИ,ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮБҮЗДҮ көздүн карегиндей сактайлы. Мамлекетибизди сыйлайлы. Мамлекетүүлүгүбүздү бекемдешке жардамдашалы. Бул ыйык түшүнүк.