ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жана аларга катыштыгы бар адамдарга Жогорку Кеңештин депутаттыгына жана президенттикке талапкер болуусуна тыюу салууну сунуштоодо.
Бул үчүн "Шайлоолор тууралуу" жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу" Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Документ өкмөттүн сайтына коомдук талкууга чыгарылды.
ИИМ ошондой эле, УКТнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештерге да талапкер боло албай кала турган, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга баруусуна тоскоолдук жарата турган норманы бекитүүнү сунуштоодо. Белгиленгендей, мындай кызматтарга уюшкан кылмыштуу топтордун курамында болуу менен соттолгон, мөөнөтүн өтөгөн же соттуулугу алынган адамдар барбашы керек. Учурдагы экономикалык жана саясий туруксуздукта уюшкан кылмыштуулук бир топ таасирдүү жана белдүү болуп калат, ал эми буга дейре мындай чектөөлөрдү киргизүү мүмкүн болгон эмес.