Анда Ак-Сай айылынын тургуну Капчыгай айылынын күн чыгыш тарабындагы Тандыр деп аталган төмөнкү жайытты буга чейин Кыргызстандын аскерлери кайтарып келгенин айткан. Ал эми учурда ал жерди Тажикстандын аскерлери кайтарып турганын айтып нааразы болгон.

“2-3 күн гана болду ал жайытка биздин аскерлер турбай калышты. Биз облус жетекчисине кайрылганыбызда, бүгүнкү күндө УКМКнын жетекчиси [Камчыбек] Ташиев ооруп жаткандыгына байланыштуу маселенин чечилиши үчүн аны күтүп турабыз деп айтты. Ал жерди ушул убакка чейин заставанын эле начальниги чечип келген жер болчу”,- деди тургун.

Дагы бир тургундун айтымында, учурда жайытты Тажикстандын чек арачылары кайтарып турат жана аны тажик тарап пайдаланып жатат. “Тажик тараптын чек арачылары айыл башчысы менен келди дагы, биздин “дозорду” токтотуп койду. Буга чейин эки жолу сүйлөшүү болот дешкен. Биринчи сүйлөшүүдө инаугурация өткөнгө чейин күтө туралы дешти, андан кийин акимдер чогулуп чечишет деди, бирок ага жетпей эле тажиктер келди дагы солдаттар менен жерди ээлеп алышты”,- деп кейиди тургун.

Ошондой эле, 11-февралда Ак-Сай айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго жана өкмөт башчы Улукбек Мариповго видеокайрылуу жасашты. Өзүн аталган айылдын айыл башчысымын деп тааныштырган Эркин Жолчуев бийликтен Ак-Сай айыл өкмөтүндө орун алган маселени тез арада чечип берүүсүн суранды.

Баткендиктер Бишкекке чейин келишип, 15-16-февралда Өкмөт үйүнүн алдына чыгышып, аткаруу бийлигинен тажикстандык жарандар менен аскерлер мыйзамсыз кирип келген жерлерден чыгып кетишин талап кылышып, бийликке кайрылышты. Премьер-министр У.Мариповдун Баткенге өзгөчө статус берүү маселеси каралып жатканы туралуу билдирүүсүнө да кыжырданган эле ишенбей турат.

Булак: “Майдан.kg газетасы