Ушул жумада бир нече район, шаардык, облусттук ички иштер башкармалыктарынын начальниктери кызматынан көтөрүлсө, айрымдары төмөндөдү же орун алмашуу болду.

Министрликтин Басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Kоллегиянын чечимине ылайык ички иштер органдарында кадрдык жактан ротациялоо жүргүзүлүп, анын негизинде ички иштер органдарынын маанилүү кызматтарына кесипкөй жетекчилер дайындалды. Кадрдык өзгөрүүлөр башкаруу тутумун өнүктүрүүгө байланыштуу болгондуктан, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун жогорулатууга, сапаттуу кадрдык курамды негиздөөгө багытталган. 

Жетектөөчүлүк кадрды ротациялоо-кадрларды тандоонун жана баалоо механизмин өнүктүрүү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө практикалык иштерге өзгөчө маани берүүгө убакыт келди. Ошондуктан ИИМдин борбордук аппаратынын маанилүү кызматына, областардын, Бишкек жана Ош шаарынын ички иштер органдарынын жетекчилик курамына өз ишинин кесипкөй кызматкерлери дайындалды. 

Жаңы дайындалган жетекчилер калыптанып калган учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен мамиле кылып, көйгөй жараткан маселелер болсо чечүүнүн жолдорун табат. Кадрдык жактан сапаттуу тандоолор ички иштер органдарынын маанилүү ресурсу болуп саналат, укуктук тартипти камсыздоо  маселесинде ийгиликтерди жаратат жана ыкчам кырдаалды жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Албетте, коомчулукта ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата нааразычылыктар көп. Анткени алардын айрымдары коомдук тартипти камсыз кылбастан эле, болор-болбос шылтоо менен жарандардан акча өндүрүүнү адат кылып алышкан. Эми орун алмашкан кадрлар жаңы иштей алышар бекен? Деги орун алмашкандар сумма өзгөрбөйт эле?

Булак: “Майдан.kg газетасы