Депутат Жыргалбек Турускулов бүгүн, 17-февралда парламенттин жыйынында «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, депутаттык комиссия түзүү боюнча Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин тийиштүү чечими бар.
Депутаттык комиссия түзүү сунушуна 83 депутат макул болду.
Комиссиянын курамына кирген депутаттар:
- «Ата Мекен» — Каныбек Иманалиев;
- КСДП — Бакиров, Момбеков, Ибраев, Алтыбаева;
- «Республика-Ата Журт» — Умбеталы Кыдыралиев, Дюшалиев, Шарапов;
- «Бир Бол» — Акылбек Жапаров;
- «Өнүгүү-Прогресс» —Турдумамбетов;
- «Кыргызстан» — Эсенаманов, Самаев.
Коммисиянын курамына 71 депутат макул болуп, бирөө каршы добуш берди.
Булак: Баракелде