Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасына (У.Э.А.) карата баш коргоо чарасын карады. Ал 12-апрелге чейин УКМКнын абагында камакта болот, деп билдирди комитеттин басма сөз кызматы.
Ал кызматынан бошотом деп коркутуп, директорлор кеңешинин мүчөсүнөн эмгек акысынын 75 пайызын талап кылган деп айыпталып жатат. Тергөө уланууда.
«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы — Укубаев Эльмырза Аманбекович.
Булак: Баракелде