Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновдун баш коргоо чарасын карады.

Жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын маалыматы боюнча, тергөө жүрүп жатат. Досонов УКМКнын абагында камакта болот.

Ошондой эле жактоочу К.Досонов УКМКнын кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып,
Башкы прокуратура менен Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрыла турганын билдирди.

Булак: Баракелде