ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты. Алгач Ош шаарынын жашоочусу милиция кызматкерлерине кайрылып, чоң суммадагы акчасын алган алдамчыга чара көрүүнү суранган, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Жабырлануучунун айтымында, 2016-жылдын июнь айында автоунааны сатуу жана сатып алуу келишимин түзүшкөн. Сатуучу өзүнүн «Тойота-Превия» үлгүсүндөгү автоунаасын 180000 сомго баалаган. Сатып алуучу 50000 сомун гана берип, калганын бир айдан кийин берем деп сөз берген. Бирок карыздан кутулбай, ал автоунааны башка адамга сатканы белгилүү болгон.

Аталган факт алдамчылык беренеси менен катталып, ИИМдин Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун аймагынан шектүү — 1973-жылы туулган К.Ж. кармалды. ИИМдин башкармалыгынын маалыматы боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланып жатат.

Булак: Баракелде