Каржы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев асылып жүрүп, акыры мурдагы премьер-министр, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди темир тордун ары жагына отургузуп тынды. Көрсө, ал ээлик кылган Эл аралык медициналык окуу жайга лицензия министрликтин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен макулдашылып алынган экен. Андан тышкары борбордогу “Таатан”, “Гоин” соода жайлары, телеканал жана башка жетимишке жакын ишкана, фирмалар мыйзамсыз акча түптөлүп, кийин К. Жумалиев туугандары менен жакындарына каттатып койгон экен. Мындан тышкары Жапыкеевдин жалаасы жетишпей жаткансып, кайсы бир немис ишкер бир миллион долларлык суу куя турган жабдыгын алып, анын 200 миң долларын эле берип, калганын бербей жүргөндүгү тууралуу арыз жазыптыр. Айтор, жашы алтымыштан ашып калган, жүрөк ооруусуна кабылып, жакында операция боло тургандыгына карабай, өткөн жумада камалды. Мындан мурда Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Каржы полициясы) кызматкерлери 29-январда алдамчылыкка шектелип депутат Кубанычбек Жумалиевдин уулун жана тууганын кармашкан болчу. Бирок көп өтпөй сот аларды чыгарып жиберген.
Ооба, тиешелүү көзөмөл органдарынын мыйзамсыз байыгандарды ким экендигине карабай жоопко тартканы туура, бирок Эгемендүүлүктүн 30 жылында бир эле К. Жумалиев башкаларды алдап же мамлекеттин эсебинен байлык топтодубу же башкалар да барбы? Андыктан ушул суроонун тегерегинде кененирээк ой жүгүртүп, кимдир-бирөөлөрдүн байлыгына көз артуудан мурда мамлекеттик органдар комплекстүү, адилет мамиле жасаса туура болчудай. Антпесе, чыныгы уурулар кандайдыр бир бийликтегилерге жакындыгы менен гана кайырмакка илинбей, жеке көз карашы жакпагандар гана куугунтукталып жаткандай.
Булак: «Майдан. kg» гезити