Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиевди кызматтан алганынын себебин түшүндүрдү.

"Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес",- деди Жапаров.