Турдакун Усубалиев атындагы фонд маалымат таратты. Анда Садыр Жапаровго белек кылынган, а президент өз кезегинде Улуттук музейге тартуулаган автоунаанын мамлекеттик көрүнүктүү ишмерге таандык эместиги айтылган.
"Биз расмий билдиребиз, ал автоунаа эч убакта Турдакун Усубалиевдин менчигинде болгон эмес. Усубалиевдин үй-бүлөсү да ушул маалыматты тастыктайт. Советтик учурда жогорку даражалуу кызмат ээлерине берилген белектердин баары тийиштүү үлгүдө каттоого алынып турган. Эрежеге ылайык, 1970-жылы мындай белек Кыргыз ССРинин КП БК көзөмөл органдарынын көңүл сыртында калмак эмес. Ал Усубалиевдин КССРдин биринчи катчысы болуп иштеп жаткан жылдарындагы мүлкү катары расмий документтерге жазылмак", - дейт Усубалиев коомдук фонду.