Жамаат менен коштошкон Балбак Түлөбаев журналисттерге кызматын тапшырганынын себебин айтты.Анын айтымында, кечээ премьер-министр Улукбек Марипов менен жолугушуп, өз каалоосу менен жазган арызын тапшырган.

«Мени кет деп эч ким мажбурлаган жок. Президент кызматта кал деди. Мен ооруп жүрөм, бутум ооруйт. Дарыланам. Бул кызматка Садыр Жапаровдун сунушу менен убактылуу келгем. Менин миссиям аяктады деп ойлойм. Президент шайланды, бийликтин бардык бугаты бекиди», — деди Б.Түлөбаев.

Ал 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышпай турганын кошумчалады.

Элгезит