Бүгүн, 8-февралдан тарта Кыргызстан жарандарын Кореяга киргизүүгө убактылуу тыюу салынган өлкөлөрдүн катарынан чыгарылды. Бул маалыматты Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Кореяга баруучу Кыргызстандын жарандарына эмгектенүү, студенттик жана үй-бүлөлүк себептерге байланышкан визаларды берүү иштери кайрадан башталды.

Булак: Баракелде